Adana Adıyaman Afyon Ağrı Aksaray Amasya Ankara Antalya Ardahan Artvin Aydın Balıkesir Bartın Batman Bayburt Bilecik Bingöl Bitlis Bolu Burdur Bursa Çanakkale Çankırı Çorum Denizli Diyarbakır Düzce Edirne Elazığ Erzincan Erzurum Eskişehir Gaziantep Giresun Gümüşhane Hakkari Hatay Iğdır Isparta İstanbul İzmir K.Maraş Karabük Karaman Kars Kastamonu Kayseri Kırıkkale Kırklareli Kırşehir Kilis Kocaeli Konya Kütahya Malatya Manisa Mardin Mersin Muğla Muş Nevşehir Niğde Ordu Osmaniye Rize Sakarya Samsun Siirt Sinop Sivas Şanlıurfa Şırnak Tekirdağ Tokat Trabzon Tunceli Uşak Van Yalova Yozgat Zonguldak
İstanbul °C

Президент Садыр Жапаров: “Асман” шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!

Президент Садыр Жапаров: “Асман” шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!
REKLAM ALANI
30.06.2023
A+
A-

Жаңылыктар
Жарлыктар
Буйруктар
Мыйзамдар
Документтер
Кайрылуулар
Сүрөт репортаждары
Куттуктоолор
Видео материалдар
Окуялардын жыйынтыгы
Сүйлөгөн сөздөрү
Интервьюлар
Администрациянын иши жөнүндө

 

 

 

 

 

2023-06-30

 

 

 

 

Президент Садыр Жапаров: “Асман” шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардык сүрөттөрдү жүктөө

 

 

 

 

““Асман шаары” – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!” – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи.

 

 

 

 

 

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу көл кылаасынын тургундары!

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары жана кадырлуу меймандары!

 

 

 

 

 

Бүгүн биз көптөн бери сөз болуп, кылдат иштелип чыккан заманбап “Асман” шаары” долбооруна расмий түрдө старт берүү максатында мезгил кутусун салуу аземине чогулуп олтурабыз.

Иш-чарага күбө болуу үчүн өлкөбүздүн булуң-бурчунан көптөгөн мекендештерибиз дагы чогулушкан.

Кыргызстандын бардык аймактарынан өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жаткан бул ири курулуштун башталышына келип олтурушунун өзү эле биздин элибиздин биримдигинен, ынтымагынан кабар берет.

Заманбап шаар курулушун колдоо менен биз алдыга коюлган улуу максаттарга ынтымак менен гана жетерибизди, ой-кыялдарыбызды реалдуулукка айланта аларыбызды далилдеп турабыз.

Азыркы тапта дүйнө өлкөлөрү акылдуу шаарларды курууга умтулуп жатканын эске алсак, заман талабынан артта калбай, “акылдуу шаар” куруу долбоору кубаттоого арзыйт.

Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздүн жээгинде инновациялык шаар куруп, экономикалык жана туристтик борборго ээ болобуз.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор эң алды менен туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү максатын көздөйт.

 

 

 

 

 

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы туристтерди өзүнө тарткан кереметтүү көлүбүздүн жээгине мындай инновациялык шаар куруу менен, өлкөбүздүн туристтик жана инвестициялык кудуретин мындан да арттырууга жол ачылат.

Асман шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!

 

 

 

 

 

Бул шаар бүтүп ишке кирип кетсе, бүгүн “Кумтөр” жалпы мамлекетибиздин экономикасын кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, «Тамчы ЭЭА» менен бул шаар дагы, бүткүл өлкөбүздүн экономикалык жактан локомотиви болуп, алдыга сүйрөп кетет.

Ушул жерден бир нерсе айта кетейин, туугандар. Сөздү маалы келгенде айтпасаң, сөз атасы өлөт дейт. Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз “бул шаарды Баткенге салып койбойт белеңер, баарын эле Көлгө сала бересиңерби” деген дооматтарын айтып жатышат.

Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, биринчи кезекте бул шаарды Баткенге салдырат элем.

Инвесторлор дагы өздөрүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен.

Эң негизгиси, кайсы жерибизге салынбасын, бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган Кыргызстандын локомотив шаары болот.

Мисалы, “Кумтөр” Ысык-Көлдө жайгашканы менен бардык пайдасы республикалык бюджетке түшүп, ар бир кыргызстандык үчүн пайдаланылып келе жатат.

Дал ошол сыяктуу эле бул шаар дагы жалпы кыргызстандыктар үчүн пайда алып келет.

Ошондуктан арканды алыс таштап, жалпы Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлойлу, туугандар.

Кудайдын берген бир мезгили келет, мамлекетибиздин түштүк аймагына да дал ушундай шаар курулат.

Көл жээгине заманбап шаар салуу аракетиндеги дымактуу планыбызды учурунда сындагандар, ага ишенбегендер да болду. Дүйнөдө болуп жаткан жетишкендиктерден жакшы кабардар болгондор тээ алысты ойлоп, демилгени колдоп-коштоп, мындай ири долбоорлорго коркпой киришүүгө салым кошушту.

Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, “Акылдуу шаар” курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле” деп, буга чейинкидей эле кедейчилик синдромунан чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, “бийликтегилер куру кыял кылып жатышат” деген шашылыш бүтүм чыгара салышты.

Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы десе, экинчи бөлүгү чамабызга чактап иш кылалы деп, кызуу талкуу жаралып келди.

Муну биз ачык-айкын талкуу жүргүзө алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары дагы бааласак болот.

Бул арада, тагыраак айтканда, 1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды.

“Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок.

Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен “Асман” экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз.

Учурунда Арабияда Неом, Эмираттарда Маздар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сындуу туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлор ишке ашкан жана азыркы кезде дагы ийгиликтүү өнүгүүдө.

 

 

 

Андыктан, аталган өлкөлөрдүн ой-кыялдары реалдуулукка айланып, дүйнө элин суктандырып, башкаларга үлгү боло алды. Демек, биз дагы Асман шаарын кура алабыз! Башкалардан эмнебиз кем?

 

 

 

 

Урматтуу бүгүнкү саамалыктын катышуучулары!

Биз акылдуу шаарыбызды эмне себептен “Асман” деп атап жатабыз? Асман орусчага небо, англисчеге скай (sky) деп которулат эмеспи.

Биз дагы өз дараметине ишенүү менен жаңы-жаңы бийиктиктерге умтулуунун, алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, аларды иш жүзүнө ашыруунун символу болуп калсын деп жакшыга жоруп, аруу тилек кылып, ушундай ысым ыйгарып жатабыз.

Кудай буюрса, Асман шаары ар бир позитивдүү адамдын өз бийиктигин таба алган, ой-кыялдарын орундата алган керемет жайына айланат.

Албетте, шаар куруу, айрыкча, акылдуу шаар куруу – бул өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспектилерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс.

Мында айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей материалдар менен технологияларды колдонуу, энергиянын кайра жаралуу булактарын интеграциялоо, таштандыларды чыгаруунун туруктуу системасын камсыз кылуу, ландшафттык пландоодо мыкты дизайн иштеп чыгуу жана башка бир топ экологиялык, инновациялык маселелер эске алынышы кажет.

Ооба, ошону менен катар эле толук кандуу шаар куруу убакытты, ресурсту жана күч-аракетти талап кылаары түшүнүктүү эле жагдай.

Ошондуктан Асман шаары керектөөлөр жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен ырааттуу түрдө калыптанат.

Ошентсе да, биздин эң биринчи милдетибиз – базалык инфратүзүмдү жаратып, тургундардын жашоо-турмушуна зарыл болгон шарттарды түзүүгө жетишүү.

Урматтуу мекендештер, кадырлуу агайын-туугандар!

Ар бириңиздердин көкүрөгүңүздөрдө “Ысык-Көл – кыргыз бермети, аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек!” деген ыйык сезим жашаарын жакшы билем, жакшы түшүнөм.

Асман акылдуу шаарын куруу менен ыйык көлүбүз, ажайып жаратылышыбыз менен заманбап акылдуу шаардын бири-бирине шайкеш келген гармониясын жаратууну көздөп жатабыз.

Башкача айтканда, акылдуу шаар курууда эң ириде көлүбүздүн экологиялык баалуулугуна абдан чоң маани беребиз.

 

 

 

 

Шаардын инфратүзүмүн пландоодо, иштеп чыгууда, дегеле ар бир деталын карап чыгууда айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык туруктуулук жаатындагы ченемдер жана стандарттардын толугу менен сакталышын тыкыр көзөмөлүбүзгө алабыз.

Ошол эле сууну пайдаланууда, ошол эле таштандыларды чыгарууда, ошол эле жылытуу системасында дүйнөдөгү акылдуу шаарлардын эң мыкты тажрыйбаларын пайдаланабыз.

Дегеле биз Ысык-Көлүбүздүн экологиялык абалына изилдөө, мониторинг жүргүзүү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы окумуштуулар жана эксперттер менен кызматташууну колго алабыз.

 

 

 

 

Эми биздин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө, жалпы эле инвесторлорго дагы кайрылууну эп көрүп турам.

 

 

 

 

Башында эле баса белгилеп айтып кетейин, шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт, аларга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик берилет.

Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам.

Асман акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз.

Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы.

 

 

 

 

Акылдуу шаарыбыз эл жашаган конуш-жай же жумуш орундары эле эмес, инновациянын, экологиялык туруктуулуктун жана социалдык өнүгүүнүн символу болсун.

Башкаларга мындай жаратман иштер боюнча үлгү бололу.

Урматтуу инвесторлор, биздин өнөктөштөр!

 

 

 

 

Мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштай берсеңиздер болот.

Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайбыз.

Баса белгилеп айтып кетүүчү нерсе, буга чейин болуп келген жагымсыз көрүнүштөр боюнча:

-мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрүнөн болобу же деструктивдүү элементтерден болобу, келип, болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып, акча талап кылууларына биз жол бербейбиз.

Ошол эле маалда жергиликтүү бийликтен же жергиликтүү элдин атынан бирөө-жарым келип, мыйзамсыз иш-аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз.

Кимде ким тоскоолдуктарды кылса, аны менен жеке өзүм эсептешем.

Кокус биздин инвесторлорго карата андай чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланат.

Биз эки жарым жыл ичинде ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан инвесторлорго мамлекеттик кызматкерлер тараптан сый мамиле кылууну жолго коё алдык.

Инвесторлор үчүн ар кандай жеңилдиктер, уруксат берүүчү документтерди алууга ийкемдүү жана пайдалуу шарттарды түзүп беребиз.

 

 

 

 

Урматтуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, Асман шаарын курууда “жашыл”, табигый принциптерге негизделген күн тартибинде турган климат маселелеринин алкагында кызматташуу боюнча маанилүү сунуш менен кайрылып кетейин.

Биз башка региондорго үлгү боло турган, келечекте таза табиятын сактоого салым кошуучу экологиялык шаар курууга умтулуп жатабыз.

Ошону менен катар эл аралык каржы институттары жана Асман шаарын өнүктүрүүнү колдой турган башка уюмдар менен кызматташуу ниетибиз бар.

Мындан улам, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкагында гранттарды жана башка каржылык механизмдерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн ачык экенибизди айта кетейин.

 

 

 

 

 

 

Сиздерди өнөктөш болууга жана долбоорубузга өз тажрыйбаңарды,

ресурстарыңарды жана технологияңарды кошууга чакырабыз.

Урматтуу мекендештер!

Чынында эле өлкө тарыхында мындай ири долбоорго биринчи кадам жасап жатабыз.

Ошондуктан, бул акылдуу шаарга олуттуу мамиле кылып, узакка создуктурбай, долбоорду ыкчамдатуунун аракетин көрөбүз.

 

 

 

 

Мындай ири долбоордун башталышы менен ата мекендик курулуш ишканалары, транспорт түйүндөрү, темир жолубуз жанданат, миңдеген жумуш орундары түзүлөт.

Аны менен кошо бул облустун эле эмес, бардык республикабыздын ички карым-катнашы активдешип, өндүрүш ишканаларынын өнүгүшүнө өбөлгө болот.

 

 

 

 

 

Башталган чоң долбоорлорубузга оң көз менен карап, ийгиликтүү ишке ашырылышына баарыбыз салым кошолу.

Белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин Асман шаарыбыз аты алыска угулуп, дүйнөнүн төрт тарабынан туристтер агылган акылдуу шаар атыгып, бул шаардын курулушу башталганда, мен да катыштым эле деп сыймыктанган учурга жетели.

Кыргызстандын өнүгүүсүнө жер шарты, табият-жаратылышы, меймандос эли, потенциалы күчтүү адистери, келечектүү жаштары бар деп баарыбыз айтып келебиз.

 

 

 

 

Мына ушундай Кудай берген артыкчылыктарыбызды туура жактарга – өнүгүүгө пайдаланалы.

Ал үчүн ынтымагыбызды бекем сактайлы, биримдигибизди бекем кармап, алдыга умтулалы!

Башталган Асман шаарынын арымы кенен жана түбөлүктүү болсун!

 

 

 

 

 

Касиеттүү көлүбүзгө көрк берген, туризми менен таанылган, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн башаты болгон ак жолтой шаар курулсун!

 

 

 

 

 

Биринчи имараты бүтүп, ишке берилип жатканда ушул жерде кайрадан жолукканды Кудай насип этсин!

Асман шаарыбыздын пайдубалы бекем болсун!”.

kaynak:https://president.kg/news/all/24324

 

REKLAM ALANI
YORUMLAR

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yukarıdaki form aracılığıyla siz yapabilirsiniz.